> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду
- URL: https://im.kg/all/2022/01/17/kyrgyzstanda-k-m-rd-n-baasyn-ubaktyluu-mamlekettik-zh-ng-saluu-toktodu/
- Published: 2022-01-17T12:35:20.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 11-октябрдан тарта 90 күнгө киргизилген көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганын Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы** **билдирди.**

Мекеменин берген маалыматы боюнча, учурда **көмүрдүн баасы туруктуу**, бааны мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде 460 сапарда 1801 соода түйүндөрү текшерилген.

Ишкерлерге бааны жогорулатпоо боюнча 546 билдирүү түшкөн, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 197 буйрук жана **36 айып салынган**.

Монополияга каршы орган көмүр базарына **мониторинг улана бере тургандыгын** белгиледи.

> «Көмүр базары социалдык мааниге ээ, бирок ошол эле учурда рынокто Монополияга каршы орган тарабынан туруктуу экономикалык жана статистикалык мониторингдин зонасында үстөмдүк кылуучу субъектилер бар», – деп кошумчалады Монополияга каршы мамлекеттик кызмат.