> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болду
- URL: https://im.kg/all/2022/01/17/kyrgyzstanda-zhyl-ayagynda-inflyaciya-ekspertter-k-tk-nd-n-da-zhogoru-boldu/
- Published: 2022-01-17T12:08:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болуп чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 11.2%ды түздү.**

Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.

> Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери инфляцияны **9.8% деңгээлинде** [болжолдошкон](http://localhost/info-portal/novosti/ekonomika/2021/12/13/ceny-v-kyrgyzstane-vyrosli-na-9-7-eksperty-prognozirujut-vysokuju-inflyaciju-i-v-2022-godu/). Бирок, жыйынтыгында баалардын өсүшү Улуттук банктын күткөнүнө жакын болуп – 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 2021-жылдын декабрь айында **11.5%ды** түздү.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

> Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда **эң чоң пайыздык көрсөткүч** **(14.9%) Жалал-Абад** **облусунда** катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.