> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда иш алып барат – президент
- URL: https://im.kg/all/2022/01/17/kyrgyzstandagy-kazakstandyk-biznes-negizinen-karzhy-bank-sektorunda-ish-alyp-barat-prezident/
- Published: 2022-01-17T13:01:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:34:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда, тоо-кен, тамак-аш өнөр жайы, соода жана тейлөө жана байланыш тармактарында иш алып барат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров [«Казахстанская правда»](https://www.kazpravda.kz/news/politika/kirgizskoe-obshchestvo-proyavilo-solidarnost-i-mobilizovalos-dlya-podderzhki-naroda-kazahstana?fbclid=IwAR3CVmhL%5FUNwfIZmeB%5FwphMRhzE5kfKfDCLYmcPua-X9Y2X4VqWC7gDQ6b0) басылмасына берген маегинде билдирген.**

Садыр Жапаров маегинде казак-кыргыз кызматташтыгынын азыркы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берген.

Президенттин айтымында, Казакстан КРнын негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Пандемия башталгандан бери быйыл биринчи жолу эки тараптуу сооданын **(900 млн доллар)** жана түз казак инвестициясынын **(38.7 млн доллар)** **өсүшү** байкалган.

> «Кыргыз-казак бизнес форумунда мен Казакстандын ири бизнесмендери менен жолугуп, аларды Кыргызстандын гидроэнергетикасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм жана башка тармактарындагы кирешелүү долбоорлорго активдүү инвестициялоого чакырдым», – деген Жапаров.

Ошондой эле президент соодада жана бүтүндөй экономикада болгон потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жаткандыгын белгилеп өттү.