> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/17/msk-tameki-zhana-alkogolduk-produkciyaga-akciz-salygyn-sanariptik-bashkaruu-bojuncha-pilottuk-dolboordu-bashtajt/
- Published: 2022-01-17T12:19:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январынан 1-июлуна чейин өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрөөрүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Тактап айтканда, январь айынан баштап **тамеки буюмдары** боюнча, 1-февралдан тарта **алкоголдук продукция** боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Долбоорду Салык кызматы КРда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат.

> «Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

> Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат», – деп айтылат СКнын билдирүүсүндө.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын [www.teksher.kg](http://www.teksher.kg/) сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.