> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек» ЭЭАда металлургиялык комбинат жана тери иштетүүчү завод ачылат
- URL: https://im.kg/all/2022/01/18/106720/
- Published: 2022-01-18T11:47:41.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте металлургиялык комбинат, ошондой эле тери иштетүүчү жана булгаары буюмдарын чыгарчу завод ачылат. Бул тууралуу «Бишкек» ЭЭАнын басма сөз кызматы билдирди.**

АЭАнын өздөштүрүлбөгөн жерлеринде жылдык кирешеси **1 млн долларлык** заводдорду жана фабрикаларды ачкан инвесторлор үчүн ижара баасы объектти куруу аяктаганга чейин бир жылга бекитилген ижара акысынын 1% өлчөмүндө белгиленет.

> «Натыйжада эки ири инвестор тартылды. «Бишкек» ЭЭАнын жаңы жобосунун долбоорунун жана өндүрүш үчүн аймакты ижарага берүү үчүн жакшы шарттарды түзүүнүн аркасында жакында эки ишкана ачылат», – деп билдирди басма сөз кызматы.