> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин арасынан КРда инфляциянын деңгээли эң жогору болду
- URL: https://im.kg/all/2022/01/18/2021-zhyly-eaeb-mamleketterinin-arasynan-krda-inflyaciyanyn-de-geeli-e-zhogoru-boldu/
- Published: 2022-01-18T14:52:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын декабрында ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин арасынан КРда инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.** 

> 2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) КРда **экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли** **(11.2%)** белгиленди. Ал эми Белоруссияда – 10%, Россияда жана Казакстанда – 8.4%, Арменияда – 7.7%ды түздү.

Мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (**13.3%га**) **азык-түлүк** товарларга ([айрыкча алкоголдук ичимдиктери жана тамеки азыктары кымбаттаган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/14/tk-n-zhyly-e-k-p-alkogolduk-ichimdikter-menen-tameki-kymbattagan-14-4/)) өстү. 

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

> Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда **эң чоң пайыздык көрсөткүч** **(14.9%) Жалал-Абад** **облусунда** катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.