> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/18/dajyndalganyna-2-aj-bolgon-bazhy-kyzmatynyn-t-ragasy-adilet-kubanychbekov-korrupciyaga-shektelip-karmaldy/
- Published: 2022-01-18T11:34:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:39:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.** 

Берилген маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды **импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп**, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн **бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонгон.** 

> «Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып **жеке баюу максатында**, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды», – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы **Адилет Кубанычбеков** кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

- Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга [ээлик кылган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/27/novyj-glava-tamozhennoj-sluzhby-vladeet-parkom-silk-way-i-eshhe-chetyrmya-kompaniyami/). **«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»** мыйзамда кызмат адамдарына ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде буга Министрлер Кабинетинде жана Президенттин Аппаратында да эч ким көңүл бурган эмес.