> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго жакындады
- URL: https://im.kg/all/2022/01/19/2021-zhyly-uluttuk-banktyn-kireshesi-11-mlrd-somgo-zhakyndady/
- Published: 2022-01-19T12:19:51.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 10.9 млрд сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.4 млрд сомго көп. Мындай маалыматтар Улуттук банктын сайтында жарыяланды.** 

Улуттук банктын активдери **312.4 млрд сомду** (2020-жылга карата +37.5 млрд сом) түздү. Милдеттенмелер **251.1 млрд сом** (+47.8 млрд) деңгээлинде түзүлгөн. Жөнгө салуучунун жалпы капиталы **61.3 млрд сомду** түздү.

- Белгилей кетсек, 2020-жылы көзөмөлдөөчү орган **8.5 млрд сом** киреше тапкан.

Эске салсак, акыркы жылдары Улуттук банк бюджетке кирешени мөөнөтүнөн мурда эки жолу которгон. Биринчи жолу пайданын бир бөлүгүн (2 млрд сом) мөөнөтүнөн мурда которуу 2020-жылдын декабрь айында COVID-19 пандемиясына жана республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу ишке ашырылган.

2021-жылы республикада кургакчылыкка жана суунун аз болушуна, ошондой эле коронавирустун кайталануусуна байланыштуу жагымсыз кырдаал түзүлгөндүгүн эске алуу менен 2021-жылдын август айында Улуттук банктын кирешеси да жарым-жартылай республикалык бюджетке которулган.