> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент 2022-жылдын бюджетин бекитти — 282 млрд сом киреше күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/01/19/prezident-2022-zhyldyn-bjudzhetin-bekitti-282-mlrd-som-kireshe-k-t-l-d/
- Published: 2022-01-19T18:46:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

> Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери **282.1 млрд сом өлчөмүндө** каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63.2%га же 109.2 млрд сомго көбөйгөн.

> 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша **295.8 млрд сомду** жана **312.2 млрд сомду** түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин **чыгашаларынын жалпы көлөмү 291.2 млрд сом** өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109.9 млрд сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша **303.5 млрд сомду жана 303.8 млрд сомду** түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык **бюджеттин таңкыстыгы 9.1 млрд сомду** же ИДПга карата 0.8%ды түзөт.

> Мында **2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7.7 млрд сом** же ИДПга карата 1% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8.3 млрд сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган **бюджеттин ресурстук бөлүгү 403.9 млрд сом** деңгээлинде болжолдонуп жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.