> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 889 млн сомдук тендер жарыяланды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/bala-saruu-kichi-gesinin-kurulushuna-889-mln-somduk-tender-zharyyalandy/
- Published: 2022-01-20T17:34:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Чакан ГЭС» ААКсы (мамлекеттик үлүшү 100%) Талас районундагы Киров суу сактагычында Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.**

Мамлекеттик [сатып алуулар порталынын](http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=314784262) маалыматы боюнча, акционердик коом жабдууларды сатып алууга **889.4 млн сом** сарптоого даяр.

«Чакан ГЭС» ААКсы төмөнкү жабдууларды сатып алууну көздөөдө: 

- көмөкчү жабдуулар жана системалары бар гидротурбиналык орнотуулар
- жардамчы жабдуулар жана системалар менен гидрогенератор
- жабдуулар менен башкаруунун автоматташтырылган системасы
- басым түтүгүнүн бош разряддары үчүн кошумча жабдуу.

Белгилей кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу **25 мегаватты** түзөт, үч генераторлуу, орточо **92 млн кВт/с өлчөмүндөгү** электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.

- Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) «Бала-Саруу» ГЭСин курууга **22.9 млн доллар** [берет.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/28/ok-f-bala-saruu-gesin-kuruuga-23-mln-dollar-beret-toluk-karzhylajt/)

> Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга[ капсула салган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/08/29/zalozhena-kapsula-pod-stroitelstvo-ges-bala-saruu-na-kirovskom-vodohranilishhe-foto/). 

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.