> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенге салынчу инвестицияларга мамлекет кепилдик берет
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/batkenge-salynchu-investiciyalarga-mamleket-kepildik-beret/
- Published: 2022-01-20T19:18:26.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КРнын башка аймактарында 3 млн доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн АКШ доллар инвестицияларга (башка аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

> Аны менен бирге, мамлекет инвесторлорго **келтирилген зыяндын ордун толтурууга** милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабараториялык изилдөөлөр кыскарган.

> Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралган. Бардыгы болуп **7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт**. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен **25 млн сом** каралат.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине – дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.