> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/bazhy-kyzmatynyn-t-ragasy-bolup-samat-isabekov-dajyndaldy/
- Published: 2022-01-20T22:17:22.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.** 
  
Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүп жатканын, аны актоо зарыл экендигин белгиледи. 

Эскерте кетсек, Самат Исабеков буга чейин 2021-жылдын июнь айынын башынан ушул эле жылдын октябрына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1996-жылдан бери бажы органдарында ар кандай оперативдүү кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарды да аркалап келген.

Ага чейин дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков [коррупцияга шектелип](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/20/korrupciyaga-shektelip-zhatkan-bazhy-t-ragasy-adilet-kubanychbekov-z-n-k-n-l-dep-eseptebejt/) кармалганын УКМКнын маалымат кызматы [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/18/dajyndalganyna-2-aj-bolgon-bazhy-kyzmatynyn-t-ragasy-adilet-kubanychbekov-korrupciyaga-shektelip-karmaldy/) болчу.