> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик быйыл коронавирус менен күрөшүүгө 705 млн сом бөлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/bijlik-byjyl-koronavirus-menen-k-r-sh-g-705-mln-som-b-ld/
- Published: 2022-01-20T10:50:31.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылга коронавирус менен күрөшүүгө 705 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.** 

> Анын айтымында, бул сумманын **525 млн сому** калкты эмдөөгө, **170 млн сому** «кызыл аймактын» ишин колдоого багытталат. 

Мындан тышкары кризистен чыгуу үчүн **2 млрд сом** каралганын министр кошумчалап кетти.