> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлер 28-январга чейин салык режимин тандаш керек. МСК күчөтүлгөн иштөө режимине өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/ishkerler-28-yanvarga-chejin-salyk-rezhimin-tandash-kerek-msk-k-ch-t-lg-n-rezhimge-tt/
- Published: 2022-01-20T10:41:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүшкөнүн МСКнын маалымат кызматы билдирди.** 

> Бекитилген графикке ылайык, салык органдарынын «бирдиктүү терезелери», Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү **саат 23:00гө чейин**, дем алыш күндөрү **саат 9:00дөн 18:00гө** чейин иштешет.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр ушул жылдын **28-январына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз** менен кайрылышы керек.

> Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Толук маалыматты 116 номеринен же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.