> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КФБ 90-жылдары маянасын акция түрүндө алып, бирок аны унутуп койгон кыргызстандыктарды издейт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/kfb-90-zhyldary-mayanasyn-akciya-t-r-nd-alyp-birok-any-unutup-kojgon-kyrgyzstandyktardy-izdejt/
- Published: 2022-01-20T16:08:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:17:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда акционердик коомдордо 10%дан 30%га чейин акцияларга ээ болуп, бирок ал тууралуу унутуп койгон кыргызстандыктар бар экенин кечээ, 19-январда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Эралиев [билдирди](https://kabar.kg/news/est-desiatki-tysiach-kyrgyzstantcev-zabyvshikh-pro-svoi-aktcii-v-kompaniiakh-kuda-im-mozhno-obratit-sia/?fbclid=IwAR3svrpRLfc45dPDJqSVzG7DBSB5bziJfZHOYaqgg2T9VvnQGGrHbPmIWac).**

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар 90-жылдары менчиктештирүү мезгилинде акционердик коомдордун тең ээлери болуп калышкан. Тагыраак айтканда, мисалы, заводдун кызматкерлерине айлык акынын ордуна акциялар берилген. Натыйжада, кийин **он миңдеген** жарандар бул акцияларын унутуп калышкан.

> «Азыр бизде акционердик коомдордо 10%дан 30%га чейин унутуп калган жарандарга тиешелүү акциялар бар болгон жагдай түзүлдү», – дейт Эралиев.

Ошондой эле, КФБнын президенти Медет Назаралиев 90-жылдардагы массалык менчиктештирүү учурунда акциялар өз кызматкерлерине сатылып кеткендигин, бирок финансылык сабаттуулуктун жоктугунан жарандар өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калышканын айтты.

> «Учурда акционерлер же алардын мураскорлору КФБдан аларды сатуу же дивиденд алуу боюнча кеңеш алышса болот», – деди Назаралиев.