> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коррупцияга шектелип жаткан Бажы төрагасы Адилет Кубанычбеков өзүн күнөөлүү деп эсептебейт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/korrupciyaga-shektelip-zhatkan-bazhy-t-ragasy-adilet-kubanychbekov-z-n-k-n-l-dep-eseptebejt/
- Published: 2022-01-20T10:19:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:33:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалганын УКМКнын маалымат кызматы [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/18/dajyndalganyna-2-aj-bolgon-bazhy-kyzmatynyn-t-ragasy-adilet-kubanychbekov-korrupciyaga-shektelip-karmaldy/) болчу. Бирок ал өзүн күнөөлү деп эсептебейт. Бул тууралуу ал кечээ, 19-январда журналисттерге билдирди.**

Айыпталуучу Адилет Кубанычбеков кармалганын негизсиз жана өзүн күнөөсү жок деп эсептейт.

> Бул саясий буйрук болушу мүмкүнбү деген суроого «Менин кармалганым туура эмес», – деп жооп берди ал.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын жетекчилигине товарларды **импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп**, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн **бажы башкаруусунун жашыруунун схемаларын колдонгон** деген айып тагылып жаткан.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

- Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга [ээлик кылган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/27/novyj-glava-tamozhennoj-sluzhby-vladeet-parkom-silk-way-i-eshhe-chetyrmya-kompaniyami/). **«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»** мыйзамда **мамлекеттик кызматкерлерге** ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде Министрлер Кабинети же президенттин Аппараты деле буга көңүл бурган эмес.