> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакында күйүүчү май дагы 4-6 сомго кымбаттайт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/zhakynda-k-j-ch-maj-dagy-4-6-somgo-kymbattajt/
- Published: 2022-01-20T13:35:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыска мөөнөттүү божомолго ылайык, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасы бир айдын ичинде кайра көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргенин [24.kg](https://24.kg/ekonomika/221104%5Fvblijayshee%5Fvremya%5Ftoplivo%5Fvkyirgyizstane%5Fmojet%5Fsnova%5Fpodorojat/) кабарлады.** 

Берилген маалыматка ылайык, **бензин – 4 сомго, дизель майы – 6 сомго чейин** кымбаттайт. Бул Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда КММнын сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу болууда.

> «Казакстандан мунай продуктуларын алып келүү мүмкүн эмес. Ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн коңшу республикада мунай азыктарын экспорттоого тыюу салынды», – деп айтылат ассоциациянын маалыматында.

КММ биржалык товар болуп саналат жана баалар мунайдын баасынын биржалык котировкасынан көз каранды. Эгерде 2020-жылдын декабрында **Brent** мунайынын бир баррели болжол менен **43-44 долларды** түзсө (ноябрь айында 80 долларга жеткен), ICE биржасынын [маалыматына](https://www.theice.com/products/219/Brent-Crude-Futures/data?marketId=5166945) ылайык, 2022-жылы 19-январда анын баррели **89.11 доллардан** сатылды. Бул 2014-жылдын 13-октябрынан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат.