> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл аягына чейин мамлекеттик мекемелерди электромобилдерге өткөрүү керек
- URL: https://im.kg/all/2022/01/20/zhyl-ayagyna-chejin-mamlekettik-mekemelerdi-elektromobilderge-tk-r-kerek/
- Published: 2022-01-20T09:50:23.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кызматтык унаалар көп болгондуктан, 2022-жылдын аягына чейин мамлекеттик мекемелерди электромобилдерге өткөрүү керек. Канчалык эртерээк болсо, экологияга ошончолук жакшы. Бул тууралуу кечээ, 19-январда Кытайдан келген электромобилдерди көрсөтүү учурунда Экономика жана коммерция министринин орун басары Жарасул Абдураимов билдиргенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.** 

Ал белгилегендей, электр транспорту республика үчүн актуалдуу маселе катары каралат, анткени Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери эң булганган шаарлардын тизмесинде турат, ал эми экологиялык жагымсыз абалдын себептеринин бири автоунаалардан чыккан түтүндөр.

> «Жыл сайын күйүүчү май сатып алууга көп каражат жумшалат. Абалды жакшыртуу үчүн электромобилдерди ишке киргизүү программасы иштелип чыккан. Ошондой эле электр кубаттоочу станциялар универсалдуу болуп, бардык унаага ылайыктуу болушу керек», – деди ал.