> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-марттан баштап чет элдик жарандар үчүн «жашыл коридор» жабылат
- URL: https://im.kg/all/2022/01/21/1-marttan-bashtap-chet-eldik-zharandar-ch-n-zhashyl-koridor-zhabylat/
- Published: 2022-01-21T13:38:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын («жашыл коридор») мөөнөтү такталды – ал 2022-жылдын 1-мартынан башталат.** **Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.**

COVID-19 илдетинин жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулгандыгына байланыштуу **КРнын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар** КРнын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген болчу.

> Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган **«жашыл коридорду»** 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Андыктан, **КРнын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга** жана **жарандыгы жок адамдарга** 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же КРнын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө **тиешелүү документтерди** (виз, каттоо) **тариздөө** сунушталат. 

> Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып кирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар КРдан чыгуусу **айып пул төлөнгөндөн** жана **чыгуу визасы таризделгенден кийин гана** мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылуу керек: (+996) 312 66-30-70, (+996) 703 42-88-65 (+Whatssapp), Instagram: @visacenterkg, Telegram: @visacenterkg.