> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алтын казган ишкананын 2 кызматкери кар көчкүнүн астында калды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/21/altyn-kazgan-ishkananyn-2-kyzmatkeri-kar-k-chk-n-n-astynda-kaldy/
- Published: 2022-01-21T21:30:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алтын казган ишкананын 2 кызматкери кар көчкүнүн астында калып, каза болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы [кабарлады](https://www.facebook.com/mchs.gov.kg/posts/302312391941494).**

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Буура – Чаткал унаа жолунда «Вертекс голд компани» ЖАКнын жумушчулары карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калгандыгы тууралуу кабарланган. 

Куткарууга компаниядан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 100гө жакын кызматкерлер, ӨКМдан 5 куткаруучу тартылган. Саат 17:30 чамасында 1, саат 19:15 чамасында 1 эркек кишинин сөөгү табылган. Ведомстводон учурда алардын аты-жөнү такталып жатканын билдиришти.