> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте «Германиялык экономиканын күндөрү» бизнес-форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/01/21/bishkekte-germaniyalyk-ekonomikanyn-k-nd-r-biznes-forumu-t-t/
- Published: 2022-01-21T11:31:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте май айынын ортосунда «Германиялык экономиканын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу инвестициялык агенттик (KADI) билдирди.**

Уюм ошондой эле иш-чаранын алдында **кыргыз-герман бизнес кеңеши** түзүлөөрүн, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга эффективдүү кадам болуп, кийинчерээк эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн **негизги аянтча** болоорун билдирди. 

Бизнес-форумдун алкагында энергетика секторун, агроөнөр-жай комплексин, маалыматтык технологияларды жана туризмди талкуулоо боюнча панелдик тематикалык сессиялар, ошондой эле жеке B2B жолугушуулары өткөрүлөт.

- Бизнес-форумга катышуу үчүн [бул шилтеме аркылуу](https://docs.google.com/document/d/1odwa4aMmE57hy0Xn7L6e4TAboSbtXSZ4/edit) арыз толтуруу керек. Арыздар 2022-жылдын 18-февралына чейин кабыл алынат.
- Кошумча суроолор боюнча: **0777 33 77 44, 0997 99 99 49** телефондоруна кайрылсаңыздар болот.