> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дастан Иманалиев КРдагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу директору болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/21/dastan-imanaliev-krdagy-amerikalyk-sooda-palatasynyn-atkaruuchu-direktoru-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-01-21T11:15:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 17-январында Дастан Иманалиев Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу Директору болуп ишине киришти. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.**

Палатанын Директорлор кеңеши мындай дайындоону уюмдун өнүгүүсүнө, анын ичинде Палатанын башка бизнес-ассоциациялар менен кызматташтыгын мындан ары чыңдоо, мамлекеттик бийлик органдарында, ЖКда, эл аралык жана коомдук уюмдарда Палатанын натыйжалуу өкүлчүлүгүн жогорулатуууга оң кадам деп эсептейт.

> Дастан Иманалиев Америкалык соода палатасына келгенге чейин 2017-2021-жылдары Эл аралык ишкерлер кеңешинде (ЭИК) алгач юрист, андан кийин укуктук колдоо секторунун башчысы, андан соң 2020-жылдан тарта Аткаруучу директордун орун басары болуп иштеген.

Дастан Иманалиев Doing Business, Дүйнөлүк Банк Тобунун (2021) ыраазычылык сертификаттары менен сыйланган. 2015-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетин эл аралык жана бизнес укугу адистигин аяктаган.