> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/21/r-n-satyp-aluuga-ajyl-charba-ministrligine-1-mlrd-som-b-l-nd/
- Published: 2022-01-21T10:27:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү. Министрлик бул каражатка Россиядан 15 миң тонна үрөн сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.** 

Анын айтымында, вегетация, жазгы талаа иштери башталганга чейин алмаштыруучу жана жаңылануучу сорт үчүн 15 миң тоннага жакын үрөндү алып келип, бөлүштүрүп, дыйкандарга жеткирүү пландалууда. 

> «Үрөн сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка 15 миң тоннага жакын үрөн сатып алууну пландап жатабыз. Ал жерде беде, күн карама, буудай, арпа, буурчак, соя уруктары болот», – деди министр. 

Мындан тышкары Жаныбеков Россияда айыл чарба үрөндөрүн өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, келишимдерге кол койгонун кошумчалады.