> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ КРга Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын берди
- URL: https://im.kg/all/2022/01/24/aksh-krga-pfizer-vakcinasynyn-149-760-dozasyn-berdi/
- Published: 2022-01-24T15:09:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**22-январда АКШ КРга COVID-19 илдетине каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилгенин АКШнын КРгы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.**

> «Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. АКШ КРнын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушу үчүн каржылоону улантат», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери КРга Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын **450 миң дозасын** тапшырды.

> Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен **40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн** өтүп, **62 миңден** ашуун кыргызстандык **биринчи дозасын** алган.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн **9 млн доллардан ашык каражат** бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.