> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Болот Темировдун тарапташтары милиция тарабынан сабалды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/24/bolot-temirovdun-taraptashtary-miliciya-tarabynan-sabaldy/
- Published: 2022-01-24T12:22:52.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экс-башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн Facebook баракчасында журналист Болот Темиров жана акын Болот Назаровдун колдоочуларын милиция кызматкерлери ур-токмокко алгандыгы тууралуу [билдирди](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=1315090032238365&id=100012121428345).** 

Анын айтымында, журналист менен акынды тарапташтары Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган.

> «Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?! Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!», – дейт Салянова.

Эскерте кетсек, журналист Болот Темировду күч кызматкерлери 23-январга караган түнү [кармап кетишкен](http://localhost/info-portal/novosti/2022/01/23/bolot-temirov-rasskazal-kak-prohodilo-zaderzhanie/). УКМК алар баңги затка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын билдирген. Бирок журналист бул атайын жасалганын айткан болчу. 

Белгилей кетсек, ага чейин Темиров Live каналы[ «2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!»](https://www.youtube.com/watch?v=Gkxx3-PA%5FJY) деген материалын жарыялаган эле. Анда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин мазутту экспорттогон компанияга тиешеси бар экени айтылат.