> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусундагы кампадан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук суусундуктар табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/24/ch-j-oblusundagy-kampadan-k-m-nd-akcizdik-markalar-menen-alkogolduk-suusunduktar-tabyldy/
- Published: 2022-01-24T10:21:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:58:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы Чүй облусунан күмөндүү акциздик маркалар менен 50 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралу МСКнын маалымат кызматы билдирди.** 

Салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Сокулук району боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды сатуу максатында сакталган кампаны аныкташты.

> Жалпысынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча **50 миң 744 бөтөлкө** ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголь тартылып алынды. Анын ичинен **30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миң 744 бөтөлкө** жүк ташуучу унаадан табылган.

Рейддик салыктык контролдун материалдары жана тартып алынган продукция КРнын мыйзамдарына ылайык, чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.