> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 1.3 млрд долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/01/24/kr-menen-kytajdyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-1-3-mlrd-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-01-24T11:07:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 1.3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу 22-январда Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Кыргыз-кытай жергиликтүү товарлардын эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.** 

Баясовдун айтымында, **импорт** – **1.2 млрд долларды**, ал эми **экспорт – 59 млн долларды** түзгөн. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода **80%га** өскөнүн, бул дүйнөлүк тышкы инвестициянын агымынын көбөйүшү менен байланыштуу экендигин белгиледи. 

> Ошону менен бирге, январь-сентябрь айларында Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү **139 млн долларды** (бардык түз инвестициялардын үлүшүнөн – 28%), өсүү **122%ды** түзгөн.

Белгилей кетсек, көргөзмөнү Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы Ассоциациясы Инвестициялык агенттиктин активдүү жардамы менен уюштурган.