> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызкоммерцбанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде жаңы дайындоолор болду
- URL: https://im.kg/all/2022/01/24/kyrgyzkommercbank-menen-keremet-banktyn-direktorlor-ke-eshinde-zha-y-dajyndoolor-boldu/
- Published: 2022-01-24T10:35:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:43:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк «Кыргызкоммерцбанк» ААК менен «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун сайтында маалымат берилди.** 

##### Ага ылайык: 

1\. Улуттук банк **«Кыргызкоммерцбанк»** ААКтын **башкармасынын төрагасы** кызмат ордуна сунушталган **Воинце Мирвета Ильясовнанын** талапкерлигине макулдук берди. 

2\. Улуттук банк тарабынан **«Керемет Банк»** ААКтын **директорлор кеңешинин төрагасы**/ көз карандысыз мүчөсү жана **аудит боюнча комитетинин төрагасы** кызмат ордуна **Давлесов Айбек Насыровичтин** талапкерлиги жактырылды. 

3\. Улуттук банк **«Керемет Банк»** ААКтын директорлор кеңешинин **көз карандысыз мүчөсү** жана **тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин** төрагасы кызмат ордуна **Карпович Станислав Евгеньевичтин** талапкерлигине макулдук берди. 

4\. Ошондой эле **«Керемет Банк»** ААКтын башкармасынын **төрагасы** кызмат ордуна **Мамытова Кастору Касымбековнанын** талапкерлиги жактырылды.