> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы транспорт тармагына 3.8 млрд сом бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/all/2022/01/25/2021-zhyly-transport-tarmagyna-3-8-mlrd-som-b-l-ng-n/
- Published: 2022-01-25T11:29:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 25-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.**

Анын айтымында 2021-жылы транспорт тармагына **3 млрд 883 млн** сом бөлүнгөн. Тагыраагы, **Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол** унаа жолун реконструкциялоого **1 млрд 250 млн сом**, Балыкчы – Тамчы –Корумду унаа жолун реконструкциялоого **275 млн сом,** Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга **286.5 млн сом** каралган. 

> «2021-жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин **карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп**, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү **850 млн сом**» – деди Кайынбаев. 

Анын билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган **14** инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат. 

Эскерте кетсек, жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына [2.68 млрд доллар тартылган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/18/zholdorgo-berilgen-tyshky-nasyyalar-18-zhyldyn-ichinde-alyngan-2-68-mlrd-dollar-kayakka-sarptaldy/), бул **тыштан келген жардамдын** жалпы көлөмүнүн **23.4%ын** түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын **405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө**, калган **2.27 млрд доллары насыя** түрүндө келген.

Кыргызстандын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, **Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы** эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, **9** жол долбоорун каржылайт.

**Эксимбанктан** каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (**1.1 млрд доллар**). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

**Азия Өнүктүрүү Банкы** дагы КРнын жол тармагында активдүү донор болуп саналат: банк жалпысынан **642.6 млн доллар** бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар. Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (CAREC) демилгесинин алкагында Азия банкы «Бишкек – Ош», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Бишкек – Алматы», «Түндүк – Түштүк» жолдорунун бөлүктөрүн курууну жана калыбына келтирүүнү каржылаган.

**Япония** – Кыргызстандын жол тармагындагы үчүнчү ири донор. Жалпысынан 1992-2020-жылдар аралыгында ал **316.9 млн доллар** өлчөмүндө жардам көрсөткөн, анын 76.69 млн доллары грант түрүндө берилген. Япониянын эсебинен «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, «Бишкек – Ош» авто жолун калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каржыланган. Учурда Япониянын жардамынын эсебинен Үрмарал дарыясына көпүрө куруу, «Бишкек – Ош» унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкүсүн тосууга арналган курулуштардын жабдуу иштери жүрүп жатат.