> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми унаалардын айнегин  караңгылатуу – 50 миң сом болот
- URL: https://im.kg/all/2022/01/25/emi-unaalardyn-ajnegin-kara-gylatuu-50-mi-som-bolot/
- Published: 2022-01-25T11:46:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети унаа ээлеринен акы төлөнүүчү караңгылатуу (тонировка) үчүн 50 миң сом алууну көздөөдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Facebook [баракчасында](https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/4701456749907947) билдирди.**

Эскерте кетсек, мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык **бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында** [көтөрүп чыккан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/14/ekonomika-ministrligi-unaalardyn-ajnegin-aky-t-l-p-kara-gylatuuga-uruksat-ber-n-sunushtoodo/) болчу.

Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык ошондой эле мисал катары өткөн жылдын 11 айында жол кайгуул кызматы **айнекти караңгылатуу боюнча** **2559 протокол** түзгөнүн айтты.

> Эгерде бул демилге жактырылса, тонировкалоого акы төлөнүүчү уруксаттын баасы Министрлер кабинети тарабынан аныкталмак. Бекешевдин билдиргенине караганда, бул баа аныкталды жана ал **50 миң сом** болот.