> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда салык боюнча виртуалдык кеңешчи «Салык-бот» ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/01/25/kyrgyzstanda-salyk-bojuncha-virtualdyk-ke-eshchi-salyk-bot-ishke-kirdi/
- Published: 2022-01-25T11:02:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда азыркы салык системасын түшүнүүгө жардам берген виртуалдык салык консультанты «Салык-бот» ишке кирди.**

Аталган [Telegram-ботту](https://t.me/salyk%5Fkg%5Fbot) юристтер Султан Калыбаев менен Жазгүлүм Ысакбекова түзүшкөн. Бул **салык режимдери** жана **анын түрлөрү**, алар боюнча **ким кантип иштейт**, аларды **төлөөгө кимдер милдеттүү** экендигин түшүнүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, виртуалдык жардамчы салыктарды **төлөөнүн тарифтери**, **тартиби** жана **мөөнөттөрү**, **отчеттуулук, жеңилдиктер** жана **салыктан бошотуулар** жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле ал жерде чыныгы консультант менен баарлашуу функциясы да бар.