> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Свет жок. «Манас» аэропорту автономдук режимде иштөөгө өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/25/svet-zhok-manas-aeroportu-avtonomduk-rezhimde-isht-g-tt/
- Published: 2022-01-25T13:20:37.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу «Манас» аэропорту автономдуу электр менен камсыздоого өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.**

> «Учууларды кабыл алууда эч кандай көйгөй жок. Аэропорт үзгүлтүксүз иштейт, бирок толук режимде эмес. Бишкек-Исламабад чартердик рейсине каттоо убактылуу токтотулду», – деп билдиришти аэропорттон.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттердин бир топ аймактарында электр жарыгы өчтү.