> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук энергохолдинг: Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/01/25/uluttuk-energoholding-elektr-sistemasyn-etap-etaby-menen-kalybyna-keltir-bir-neche-saatka-sozulushu-m-mk-n/
- Published: 2022-01-25T13:33:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:43:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын энергетика системасы Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык шакеги авариялык өчүүдөн кийин этап-этабы менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу «Улуттук Энергохолдингдин» маалымат кызматы билдирди.** 

Берилген маалыматка ылайык, КР Энергетика министрлигинин тапшырмасы боюнча энергетикалык компаниялар Бирдиктүү энергетикалык шакекти айланып өтүп, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоону этап-этабы менен калыбына келтирүүнү баштады.

> «Республиканын ири өнөр жай ишканалары нормалдуу иштеп жатат. Алдын ала маалым болгондой, Борбордук Азиянын энергетикалык системасындагы бузулуу региондун энергетикалык системаларынын биринде болгон. **Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн**», – деп айтылат билдирүүдө.

Авариялык өчүрүүнүн жагдайлары иликтенүүдө.