> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/akylbek-zhaparov-kambar-ata-1-gesinin-kurulushu-byjyl-bashtalat/
- Published: 2022-01-26T10:07:36.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу кечээ, 25-январда Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлгөндөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

> Анын айтымында, курулуштун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн **418 млн доллар** керектелет, дээрлик **18.8 млн доллар** капиталдык салымдарга – инфраструктураны курууга жана курулушту баштоону даярдоого каралган. Жапаров Финансы министрлиги акчаны эчак эле тапканын билдирди.

Кабинеттин башчысы курулуш **республикалык бюджеттин** жана **инвестициянын эсебинен** пландалып жатканын кошумчалады. Казакстан менен Өзбекстан да долбоорго катышууга даяр экендиктерин билдиришкен. Азыр энергетиктердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, андан соң аларга экономисттер, финансисттер кошулат. Акыркы чечимди мамлекет башчылары кабыл алат.