> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн ишкерлер үчүн «Жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн сессия болот
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/b-g-n-ishkerler-ch-n-zha-y-salyk-kodeksine-ylajyk-salyk-rezhimin-tandoo-temasynda-onlajn-sessiya-bolot/
- Published: 2022-01-26T10:23:39.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн саат 16.00дө Бизнес-омбудсмен Институту Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишкерлер үчүн «КРнын жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн суроо-жооп сессиясын өткөрөт.**

Сессиянын модератору – бизнес-омбудсмендин орун басары Сергей Пономарев болмокчу, ал эми чакырылган конок – Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов болот.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 28-январына чейин салык төлөөчүлөр кайсы салык режиминин негизинде иштей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алып, салык органдарына арыздарын бериши керек.

- Онлайн сессияга бул шилтеме аркылуу кирүүгө болот: <https://us02web.zoom.us/j/83255998313?pwd=TWYrblpRN1VDd0MyRWtYejNOaERJdz09>
- Байланыш телефондору: [ 0222 911 330,](tel:+996%20222%20911%20330) [0312 979 717.](tel:+996%20312%20979%20717)