> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/idris-kadyrkulov-ukrainaga-ulukbek-maripov-saud-araviyaga-elchi-bolup-dajyndalyshty/
- Published: 2022-01-26T11:09:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:00:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.**

Ал эми Идрис Кадыркулов КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Эске салсак, УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматынан [кеткен болчу.](http://localhost/info-portal/novosti/2019/07/04/rossijskij-goznak-mogut-privlech-k-vypusku-dokumentov-gosudarstvennogo-znacheniya-chinovniki-nachali-peregovory/)

Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.