> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети дары-дармектерди төртүнчү жолу экспорттоого тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/ministrler-kabineti-dary-darmekterdi-t-rt-nch-zholu-eksporttoogo-tyjuu-saldy/
- Published: 2022-01-26T10:59:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдардын тартыштыгын болтурбоо максатында аларды сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды.** 

> Эске салсак, чектөө үч жолу – 2020-жылдын июль айында, 2021-жылдын апрелинде жана октябрында киргизилген болчу.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.