> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркияга ID-паспорт менен кирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/t-rkiyaga-id-pasport-menen-kir-m-mk-nch-l-g-sunushtaldy/
- Published: 2022-01-26T15:03:30.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Түркияга эки өлкөгө тең ички жарандык паспорт менен кирип чыгууга уруксат берүүнү сунуштады.**

Мындай сунушту Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев 24-январда Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушууда билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону талкуулашты.