> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот
- URL: https://im.kg/all/2022/01/26/toktoguldagy-suunun-k-l-m-aprelde-8-mlrd-kub-metrdin-tegereginde-bolot/
- Published: 2022-01-26T16:40:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө 9 млрд 270 млн куб метр көлөмүндөгү суу бар. 1-апрелге 8 млрд куб метрдин тегерегинде чыгабыз деген пландарыбыз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 26-январда ЖКнын [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=AG3lTIUWVeU) билдирди.** 

Анын айтымында, республика учурда Токтогул ГЭСиндеги өндүрүштү азайтып, импорттон алып жатат. 

> «Азыр электр энергиясын коңшулаш мамлекеттерден жана Түркмөнстандан алып жатабыз. Ошонун негизинде быйыл Токтогулдагы суунун көлөмүн 8 млрд куб метрде алып калганга мүмкүнчүлүгүбүз бар», – деди ал.