> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте март айында Ирандын соода үйү ачылат
- URL: https://im.kg/all/2022/01/27/bishkekte-mart-ajynda-irandyn-sooda-j-achylat/
- Published: 2022-01-27T15:21:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз –** **Иран кызматташтыгынын өркүндөтүү максатында жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатысынын маалымат кызматы билдирди.**

Палатанын берген маалыматына караганда, кечээ, 25-январда Соода-өнөр жай палатасында вице-президент Роман Касымов менен Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өткөн.

Анын алкагында эки тарап соода-экономикалык кызматташууну андан ары бекемдөө жана эки өлкөнүн жеке ишкерлери үчүн шарттарды түзүү багытында ой-пикир алмашышкан. 

> «Буга бир мисалы катары Кыргызстан жана Иран Палаталары алдында жакында түзүлгөн Биргелешкен бизнес-комитеттин потенциалы талкууланды. Жолугушуунун өзөктүү темаларынын бири март айында Бишкекте Ирандын Соода үйүн ачуу жана Ирандын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга келүү шарттары болуп калды. Ал эми быйыл июнда «Kyrgyzstan – Iran 2022» мамлекеттик деңгээлдеги көргөзмө өтүшү пландалууда. Аны КРнын Соода-өнөр жай палатасынын «Кыргызэкспоборбору» уюштурмакчы», – деп айтылат билдирүүдө.