> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош мэриясы 2021-жылдын отчетун берди
- URL: https://im.kg/all/2022/01/27/osh-meriyasy-2021-zhyldyn-otchetun-berdi/
- Published: 2022-01-27T12:42:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 26-январда Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылга карата жыйынтыгын чыгарган биргелешкен коллегиялык отуруму өттү. Ага Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан..**

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы жана 2022-жылга карата милдеттер жөнүндө маалымат берди. 

#### Өндүрүш жана тейлөө

- **Өнөр жай** ишканалары тарабынан 2021-жылы **5 млрд 654 млн сомдук** (2020-жылы 4 млрд 493.4 млн. сом болгон) продукция өндүрүлгөн
- **1 млрд 449 млн сомдук айыл чарба продукциясы** өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101.9%ды түздү
- Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылы 8 **млрд 534 млн сомду** түзүп, 2020-жылга караганда 360 млн сомго көбөйгөн
- Шаардын чарба жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн **рыноктук тейлөөлөрдүн** көлөмү 2021-жылы **72.3 млрд сомду** (2020-ж. 56 млрд. сом) түздү
- 2021-жылы жалпы **1742 жумуш орундары** түзүлгөн.

#### Бюджет жана курулуш

- Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) **102.9%га** аткарылып, такталган пландан 36 млн сомго көп аткарылды . 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда **252 млн сомго көп** жыйналып, өсүү темпи 123.9% түзгөн.
- 2021-жылга **жергиликтүү бюджеттен капиталдык курулуш тармагына 202 млн сом** акча каражаты каралган
- Шаар бюджетинин эсебинен 3 бала бакча, 1 ФАП курулуп, пайдаланууга берилди
- **Республикалык бюджеттин** эсебинен **87.6 млн сом** акча каражаты бөлүнүп, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында узундугу **7200 метр** суу түтүктөрүн тартуу, сыйымдуулугу 500 метр кубдук 2 суу кампа, 2 насос орнотуу иштери жүргүзүлүүдө
- Көп жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу токтоп калган **4 мектепке акча каражаты бөлүнүп**, азыркы учурда кайрадан курулуш иштери жандандырылды
- **Жолдорду оңдоп-түзөө** үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен **103.2 млн сом** акча каражаты бөлүнүп, жыл ичинде 8.5 км жол жаңыдан асфальтталган.
- **Ипотекалык фонддун** эсебинен 3 көп кабаттуу үйлөрдүн (215-батир) курулуштары башталып, Достук кичи районунда **90 батирлүү** үйдүн курулушу бүткөрүлсө, Курманжан-Датка көчөсүндөгү **80 батирлүү** үйдүн курулушу жакынкы күндөрдө аяктайт. Ал эми Көкүм-Бий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйдүн курулушу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы өнүгүү программанын алкагында дагы 3 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталмакчы.

#### Донорлор жана мамлекет көрсөткөн жардам

- 2022-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентство (АРИС) аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалган. Долбоордун алкагында туризм багытына **6 млн доллар бөлүнөрү пландаштырылып**, шаардагы туристтик обьектилерди реконструкциялоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, Алишер Навои эс алуу багынын бир бөлүгүнө эс алуучу жай куруу, Ош шаарынын борбордук аянтына фонтан куруу боюнча кичи долбоорлор даярдалып жатат.
- Андан сырткары Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоого **4 млн доллар** КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу бөлүнүп жатат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet2-1024x676.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet3-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet4-1024x617.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet4.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet5.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet5.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet6-1024x670.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/osh-otchet6.jpg)