> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендин бир катар айылдарында электр жарыгы жок
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/batkendin-bir-katar-ajyldarynda-elektr-zharygy-zhok/
- Published: 2022-01-28T11:39:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министрлиги Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз айылдарында электр жарыгы кечээ, 28-январда чек арадагы атышуулардан улам өчүп калганын кабарлаган.**

Министрлик аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керектигин билдирди.

> **«**Уруксат берилсе гана кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин баштоого даяр турат», – деп айтылат билдирүүдө.