> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/bishkekte-kyrgyzstan-azerbajzhan-biznes-zholugushuusu-tt/
- Published: 2022-01-28T14:20:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.** 

Иш-чарага КРнын Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов, КРнын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын КРдагы элчиси Латиф Гандилов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, соңунда ишкерлер ортосунда В2В жана В2G жолугушуулар өттү. Анын жүрүшүндө эки тарап кызматташууну түздөн-түз талкуулай алышты. 

Азербайжандын инвестициялар, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана агрардык иликтөөлөр жаатындагы мамлекеттик органдардын башчыларынан турган эксперттик топту өлкөнүн экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеп келди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan1-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan3-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan4-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/azerbajzhan4.jpg)