> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек ара: Баткендеги кырдаалга байланыштуу кооптуу аймактан 11 миң адам эвакуацияланды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/chek-ara-batkendegi-kyrdaalga-bajlanyshtuu-kooptuu-ajmaktan-11-mi-adam-evakuaciyalandy/
- Published: 2022-01-28T12:33:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:59:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткендеги кырдаалга байланыштуу, соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.**

> Алардын **10.4 миңи** коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, **642** адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6000 ге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү.

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлгөн. Ошондой эле, Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Ага катар эле, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

> «Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды», – деп айтылат билдирүүдө.