> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде дагы жаңы дайындоолор болду
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/keremet-banktyn-direktorlor-ke-eshinde-dagy-zha-y-dajyndoolor-boldu/
- Published: 2022-01-28T10:00:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) «Керемет Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өткөнүн кабарлады.**

Жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп **Бакыт Жумашев** жана **Рысбек Жумаканов** дайындалды. Жолугушуу 2022-жылдын 21-январында болуп өткөн.

Эске салсак, жакында эле Улуттук банк «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алган болчу. 

**Ага ылайык:** 

Улуттук банк тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/ көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна **Давлесов Айбек Насыровичтин**, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна **Карпович Станислав Евгеньевичтин** жана банктын төрагасы кызмат ордуна **Мамытова Кастору Касымбековнанын** талапкерлиги жактырылган.