> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети мамбанктарды капиталдаштырууга 4 млрд сом жумшады
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/ministrler-kabineti-mambanktardy-kapitaldashtyruuga-4-mlrd-som-zhumshady/
- Published: 2022-01-28T18:18:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети кичи жана орто бизнес субъектилерин колдоо, ошондой эле кредиттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКтарын кошумча капиталдаштырууга 4 млрд сом сарптады.**

> Бул «Айыл банк» ААКтын уставдык капиталын – **5.5 млрд сомго** жана «РСК банктын» уставдык капиталын **5.4 млрд сомго** чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Буга катар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ААК тарабынан **31 млрд сомдон ашык суммага 88 миңге жакын насыя** берилип, анын 72%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого жумшалган. 

> Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасынын алкагында 6 млрд сомдон ашуун суммага **10 387** насыя берилгенин кошумчалады.

2021-жылдын 31-декабрына карата Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тараптан ишкердик демилгелерди колдоо максатында **44.5 млн доллар** суммасындагы **308 долбоор** каржыланган.