> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк акыркы үч жылдагы эң ири интервенцияны жасады – резервден дароо 86.5 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/all/2022/01/28/uluttuk-bank-akyrky-ch-zhyldagy-e-iri-intervenciyany-zhasady-rezervden-daroo-86-5-mln-dollar-satty/
- Published: 2022-01-28T11:04:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:47:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк акыркы үч жылдагы эң ири интервенцияны ишке ашырды. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга эл аралык резервден дароо 86.5 млн доллар сатты.**

**2 млн доллар** бүтүм түзүлгөн күнү сатылган, ал эми калган **84.5 млн долларды** банктар кийинчерээк алышат. Ал бүтүмдөр интервенция күнүнөн башка датада түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2022-жылдын эсебинен биринчи, жалпысынан [акыркы жолу интервенцияны](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/12/uluttuk-bank-2022-zhyldyn-esebinen-birinchi-intervenciyasyn-zhasap-70-mln-dollar-satty/) 12-январда ишке ашырып, анда да дароо **70.1 млн доллар** саткан болчу.

> 2021-жылы жасалган 15 интервенцияда УБ доллардын өсүшүн кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден **698.95 млн доллар** короткон.