> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» бюджетке 4 млрд сомдон ашык төлөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/31/alyans-altyn-bjudzhetke-4-mlrd-somdon-ashyk-t-l-d/
- Published: 2022-01-31T15:39:38.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 4 млрд 20 млн сом төлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Талас облусундагы Жерүй кенине болгон иш сапарында белгилүү болду.** 

Иш сапардын жүрүшүндө «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов Министрлер кабинетинин башчысын алтын иштеткен фабриканын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк калдыктарды сактоочу жайдын абалы менен тааныштырды.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/272648484_1131051584333442_978576348429381699_n.jpeg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/272654788_1131051727666761_3309100542823903512_n.jpeg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/272576090_1131051634333437_586217954891974500_n.jpeg)

10-январга карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө **4 млрд 20 млн сом** төлөгөн. Жергиликтүү инфраструктураны күтүүгө жана өнүктүрүүгө 209.6 млн сом которгон.

> «Ишканада 1367 жумушчу орун түзүлдү. Кызматкерлердин 97% Кыргызстандын жарандары (анын ичинен 70% Талас облусунун тургундары). Биз эл аралык стандарттарга ылайык иштейбиз жана экологиялык эрежелерди так сактайбыз. Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашыруудабыз», – деди **Сабир Рахматов.**

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилиги Талас облусуна мультипликативдик таасир бере турган масштабдуу стратегиялык социалдык-экономикалык долбоорлору тууралуу билдирүү жасады. Акылбек Жапаров «Альянс Алтынтын» ишине жакшы баа берди.