> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы белгиленген пландан 1 млрд сомго көп салык жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2022/01/31/bazhy-kyzmaty-belgilengen-plandan-1-mlrd-somgo-k-p-salyk-zhyjnady/
- Published: 2022-01-31T10:08:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359.8 млн сом болсо, Бажы кызматы 2022-жылдын январь айында 4 млрд 368.3 млн сом жыйнаганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

> Белгиленген план 130%ке, же **1 млрд 8.5 млн сомго** ашык аткарылган же, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш **2 млрд 388.4 млн сомду** түзгөн.

Ал эми 30-январга карата МСК республикалык бюджетке **8 млрд 574 млн сом** салык жыйнаган. Белгиленген план **106.4 %га, же 514.6 млн сомго** жогору аткарылган. 

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар **3 млрд 436.1 млн сомго** көп чогултулган (өсүү темпи 166.9%).