> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга Өзбекстандын бизнесмендеринин делегациясы келет – компаниялардын тизмеси
- URL: https://im.kg/all/2022/01/31/kyrgyzstanga-zbekstandyn-biznesmenderinin-delegaciyasy-kelet-kompaniyalardyn-tizmesi/
- Published: 2022-01-31T15:02:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:11:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанга Өзбекстандан ишкерлерден турган делегация келет. Кыргызстан ишкерлер биримдигинин чакыруусу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты орнотуу максатында бизнес-тур өткөрүлөт.**

Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар, ошондуктан өзбек ишкерлеринин иш сапарынын негизги максаты – **кыргызстандык компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып**, **өнөктөштүк мамилелерди түзүү** болуп саналат.

> Бизнес-турдун алкагында **В2В** форматындагы жолугушуулар жана завод-фабрикаларга иш сапарларды уюштуруу пландаштырылууда. Өзбекстандын бизнес делегациясынын курамында **тамак-аш, айыл чарба, курулуш** жана **текстиль тармагында** иш алып барган ишкерлер болот.

Эки өлкөнүн ишкерлери менен жолугушууга **кыргыз жана өзбек компаниялары менен кызматташууга кызыкдар россиялык дистрибьюторлор** жана дүң сатуучулар да чакырылары күтүлүүдө.

#### Өзбекстандык компаниялардын тизмеси:

- **«Elektron baxolash»** – программалык камсыздоо
- **«Optima best plast»** – пластикалык буюмдар (конус, шлагбаум, таштанды челек, балдар аянтчалары, пластик мыктар)
- «**Business and arbitration»** – фольгаизол жана полизол (курулуш материалдары), КМС реагенттери (бургулоо газы), жеңил өнөр жай (пахтаны кайра иштетүү)
- **«Fruit vegetable grape claster»** – айыл чарба азыктары
- **«Maskani kujon»** – текстиль өнөр-жайы
- **«Arzoni bizda»** – айыл-чарба азыктары
- **«Olis osmon»** – сайыл-чарба азыктары
- **«Limonzor classic»** – айыл-чарба азыктары
- **«Best Butter Production»** – маргарин азыктары
- **«Fiberglass Composite»** – айнек иштетүү.